Бишкектен Балыкчыга поезд жүрө баштады
Бөлүшүү:
Бүгүн, 18-июндан тартып Бишкектен Балыкчы шаарына поезд каттап баштады. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.
Билеттин баасы чоңдорго 69 сом, 5-10 жаштагы балдарга 34 сом.
Жума, ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкектен саат таңкы 7де чыккан поезд Балыкчыга саат 12де жетет. Кайра артка кечки саат 17:15те чыгып, Бишкекке саат 22де келет.
Ысык-Көл жайында Кыргызстанда туристтер эң көп каттаган аймакка айланат.
Эскерте кетсек, өткөн жылы коронавируска байланыштуу туристтик сезон учурунда жолдор жабылып, каттамдар токтогон.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekten-balykchyga-poezd-zhr-bashtady
Добавить комментарий ×