Бишкектеги соода-жайларындагы балдар аянтчалары дезинфекцияланууда – видео

14 март 2020 10:18 813 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги бир катар соода-жайларындагы балдар аянтчалары дефинфекцияланууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, "Sky Park" менен «Ала-Арчадагы» балдар аянтчаларын адистер келип карап, тийиштүү тазалоо иштерин жүргүзгөн.

Бишкек шаардык санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы мындай аракеттер коопсуздук үчүн жасалып жатканын билдирди.

Дезинфекция болгондон кийин бир сааттай күтүп, андан кийин суу менен тазалап туруп ишти уланта берсе болот. Дезинфекциялай турчу каражаттар лабораториядан тастыкталган, жыты жок экенин Бишкек шаарынын санитардык көзөмөлдөө башкалыгынан кабарлашты.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус Кыргызстандын аймагында катталган жок.

Ал эми Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 кишиге жетти. Алардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүнө алынып, тийиштүү дарылоо иштери жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-sooda-zhajlaryndagy-baldar-ayantchalary-definfekciyalanuuda-video



Добавить комментарий