Бишкектеги перинаталдык борбордо үчэм төрөлдү

21 ноябрь 2019 13:59 2820 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордо (№4 төрөт үйү) 46 жаштагы Айнура Жайнакова үчэм төрөдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Ымыркайлардын экөө кыз (1,75 кг жана 1,27 кг), бири уул болгон. Дарыгерлер апанын абалы жакшы экенин билдиришти. Ал эми ымыркайлар убактылуу жаңы төрөлгөндөрдүн жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтышкан.

Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рейна Султанмуратова, социалдык бөлүмдүн башчысы Зарема Өмүрзакова үчэм төрөгөн Айнура Жайнакованын абалынан кабар алышты.  

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-perinataldyk-borbordo-chem-trld



Добавить комментарий