Бишкектеги ооруканалардын биринде убактылуу стационар уюштурулат
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги саламаттык сактоо уюмдардын биринде убактылуу стационар уюштурууну маселесин карап жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
“Мындай чаралар курч пневмониясы, өнөкөт өпкө оорулары бар бейтаптарды убагында диагноздоо жана дарылоо максатында кабыл алынды. Соӊку чечим санитардык-эпидемиологиялык иштердин жыйынтыгы менен чыгарылат”, — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала бир нече вариант каралууда, тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, коронавирус илдети жуккандардын саны боюнча Бишкек шаары алдыңкы орунда. 7-майга карата 257 бейтап бар.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-oorukanalardyn-birinde-ubaktyluu-stacionar-uyushturulat
Добавить комментарий ×