Бишкектеги кафеде жаш жигитти бычактап кетишти

23 сентябрь 2021 17:27 1356 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги кафелердин биринде бейбаштык кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Советская-Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде массалык мушташ болгону тууралуу маалымат 22-сентябрда таңка саат төрттө милицияга түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкектеги Милициянын патрулдук кызматы башкармалыгынын инспекторлору барган. Алар 2004-жылы туулган С.У.,ну белгисиз адам бычактап кетишкенин аныкташты.

Милициялар изин суутпай бул иш боюнча шектүү 1997-жылы туулган Д.Б.,ны кармашты. Бул иш бейбаштык беренеси боюнча катталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-kafede-zhash-zhigitti-bychaktap-ketishti



Добавить комментарий