Бишкектеги кафеде жаш жигитти бычактап кетишти
Поделиться в:
Бишкектеги кафелердин биринде бейбаштык кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Советская-Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде массалык мушташ болгону тууралуу маалымат 22-сентябрда таңка саат төрттө милицияга түшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкектеги Милициянын патрулдук кызматы башкармалыгынын инспекторлору барган. Алар 2004-жылы туулган С.У.,ну белгисиз адам бычактап кетишкенин аныкташты.
Милициялар изин суутпай бул иш боюнча шектүү 1997-жылы туулган Д.Б.,ны кармашты. Бул иш бейбаштык беренеси боюнча катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-kafede-zhash-zhigitti-bychaktap-ketishti
Добавить комментарий ×