Бишкектеги башаламандык учурунда жабыркаган жети адам оор абалда

7 октябрь 2020 10:17 710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги башаламандыктан 768 адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборуна шилетеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, баштапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 550 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилген, 218 адам ооруканага жаткырылган, алардын жетөө реанимацияда экени айтылат. 2001-жылы туулган бир адам каза болгон.

Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-bashalamandyk-uchurunda-zhabyrkagan-zheti-adam-oor-abalda



Добавить комментарий