Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр сатып алууга акча бөлүнөт
Бөлүшүү:
Бишкекте аз камсыз болгон 4.1 миңден ашык үй-бүлөгө кышкыга көмүр сатып алыш үчүн 21.4 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Азыр 3.6 миңден ашык үй-бүлө 18.5 млн сомго компенсация алышты. 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине калк үчүн 123 миң тонна көмүр камдоо күтүлүп жатат.
Калк үчүн көмүр камдоо 2021-жылдын июль айында башталган. 1-октябрга карата калк үчүн 55.9 миң тонна көмүр камдалды, бул жылдык пландын 45 пайызын түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-az-kamsyz-bolgon-j-bllrg-kmr-satyp-aluuga-akcha-blnt
Добавить комментарий ×