Бишкекте ѳзүн пайгамбардын мураскеримин деп жарыялаган кыз чыкты

19 сентябрь 2019 17:36 3303 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн ѳзүн пайгамбардын мураскеримин деп Мээрим Черикбаева маалымат жыйын берди. Ал 33 жашта. Анын айтымында  мурда баардык жарандардай эле, жашаган. Мындан сегиз жыл мурда катуу ооруп, дарыгерлер так илдетин аныктай албагандыктан шаардын четинде жашоого мажбур болгон. Себеби адамдар менен мамиле түзѳ алган эмес.

2015-жылы түш кѳрѳт ага «Махди» деп жазып, кара мѳѳр басат. Ошондон бери ѳзүн Мухамеддин мураскорумун деп эсептейт.

Библияда (Кудайдын Сѳзү) Жакшы кабар китептеринде акыр замандын белгилери тууралу жазылган. Алардын бири Матай китебинин 24- бѳлүмүнүн 11-жазууда « Кѳптѳгѳн жалган пайгамбарлар чыгып кѳптѳрдү адаштырат» -деген жазуу бар.

 Ал эми Куран китебинде Махди- кыяматта, акыр заманда  келүүчү адам деп жазылган.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zn-pajgambardyn-muraskerimin-dep-zharyyalagan-kyz-chykty



Добавить комментарий