Бишкекте жылуулук качан берилээри айтылды
Бөлүшүү:
Бишкек мэриясы эгер беш күн катары менен сырттагы абанын температурасы +8 градустан жогорулабай койсо, шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук берилээрин билдирди.
Буга чейин энергетиктер жылуулукту буйрук болору менен берүүгө даяр экенин айтышкан.
Ал эми синоптиктер бул жума бою ордо калаада температура +17-18 градус жылуулукта сакталат. Бирок, эмки жумадан тарта суук жүрөт. Түнкүсүн -3, күндүз +4 градус болот.
Эске салсак, былтыр Бишкек шаарында жылуулук 17-октябрдан тарта бериле баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhyluuluk-kachan-berileeri-ajtyldy
Добавить комментарий ×