Бишкекте Жибек Жолундагы үйлөр күйүп жатат - видео

12 февраль 2020 21:32 2420 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Жибек Жолу проспектиси менен Темирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй күйүп жатат. Бул тууралуу күбө билдирди.

Анын айтымында, үйлөрдүн биринде мотор майлары сакталган кампа бар болчу.

Күбөнүн айтымында, жеринде тез жардам кызматы, милиция жана өрт өчүргүчтөр иштеп жатат.

Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн кабарлады. Өрттү өчүрүүгө саат 20:41де жалпы 7 бөлүм, Штаб жана ККББнын КБП унаасы менен ыкчам топ, саат 21:20да КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. 


Мындан сырткары ИИМ, тез жардам кызматкерлери тиешелүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhibek-zholundagy-jlr-kjp-zhatat-video



Добавить комментарий