Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү уланууда
4-5-декабрь күндөрү “Манас” кинотеатры менен Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт деп КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлаган.
Саамалыктын алкагында Е. Туйчиевдин “Ришта”, А. Гамировдун “Ата үйү”, “Өзбеккино” киностудиясы тарткан “Калптын арасында” тасмалары көрсөтүлөрү белгилүү болгон. Иш-чарага Өзбекстан кинематографисттер бирикмесинин төрагасы, эмгек сиңирген артист Матякуб Матчонов жана өзбекстандык актер Улугбек Кадыров катышып жатат.
Ошондой эле 5-декабрда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Космопарк” кинотеатрында саат 18:00дө кыргыз-өзбек режиссерлору биргелешип таркан “Делбирим” тасмасынын бет ачаары болот.
Эске салсак аталган тасманын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү болуп өткөн. Ташкенттеги премьерага Өзбекстандын интеллигенция өкүлдөрү жана бир топ кино жаратмандары келишкен. Кино үч-төрт залда коюлуп, жалпы жонунан 4500 адам катышкандыгы тууралуу маатымат берилген. Алардын катарында Кыргызстандан Кинематография департаментинин директорунун орун басары Элмира Мамытова, ошол кездеги Өзбекстандагы элчинин милдетин аткаруучу Анвар Стамбеков барган. Ал эми кыргызстандыктарга Ч.Айтматовдун туулган күнүн утурлай көрсөтүү пландалган.
Илястын ролун белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойногон. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zbekstandyn-kino-kndr-ulanuuda
Добавить комментарий ×