Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды (Сүрөт)
Уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
17 -августта Бишкек шаарынын Бейшеналиев көчөсүнүн тургуну К.С аттуу жаран Милициянын кайгуул кызматына арыз менен кайрылган. Анда 2020 -жылдын 16 -августтунан 17-авгуттуна караган түнү белгисиз жаран Чүй көчөсүндө жайгашкан "Бир Эки" аталышындагы дүкөнүнүн эшигин талкалап, ичинен арыз ээсине караштуу баасы 15 000 сом өлчөмүндө турган уюлдук телефондордун аксесуарларын жашыруун түрдө уурдап кеткен.
Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш иизи сууй электе 1991-жылы туулган Б.В аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факт боюнча Ленин райондук ИИБгы боюнча кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып КРнын жазык кодексинин 200 -беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ушул эле жаран өрт кырсыгын келтирүүгө шектелүүдө.
Анткени 11-августтда Раззаков көчөсүнүн 32-дарегинде жайгашкан балдар көркөм мектебинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган даракке тийиштүү кызматтар барып маалыматты тактап, тийиштүү чара көрүшкөн .Ошондой эле өрт кырсыгы Биринчи май райондук ИИБинин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, өрт кырсыгынын келип чыгуу жана ким кылгандыгы издөөгө алынган.
Азыркы учурда бул жаран эки кылмышка шектелип, Ленин райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайында отурат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-uurulukka-shekt-zharan-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×