Бишкекте 10-августтан баштап «Тулпар» картасы менен гана жол кире төлөөгө болот

30 июль 2020 13:03 390 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 10-августтан баштап «Тулпар» кѳзѳмѳл кызматы иштеп, накталай акча каражаты кабыл алынбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

10-августтан баштап Бишкек шаарында «Тулпар» кѳзѳмѳл кызматынын карталары менен гана автобус жана троллейбустарда акы төлөсө болот. Адистер айдоочуларда сатыкка коюлган карталардын бар-жогун текшерип, жүргүнчүлѳрдү отургузуу жана түшүрүү, картаны жана валидаторду колдонуу эрежелери менен тааныштырышат.

Накталай тѳлѳгѳн учурлар катталганда адистер айдоочуга жана тейлеген транспорттук ишканага чара кѳрүү боюнча акты түзүшѳт.

"Кѳк Тулпар стандарт карталарын айдоочулардан, уюлдук операторлордун кеңселеринен же болбосо «Кыргыз почтасы» ишканасынан 50 сомго сатып алсаңыздар болот, баага бир жолу акысыз жүрүү киргизилген. Жеңилдетилген категориядагы жарандар үчүн кызыл карталар райондук администрациялардын жана шаардык троллейбус башкармалыгынын имараттарында берилет", - деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tulpar-kzml-kyzmaty-ishtej-bashtajt



Добавить комментарий