Бишкекте тиштерди акысыз дарылоо боюнча акция болуп жатат

15 октябрь 2021 11:13 1782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте “Таза тиштер” деп аталган акция болуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Иш-чараны Октябрь райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери  биргелешип уюштурган.

Бир айлыктын максаты-тиш ооруларын алдын алуу жана аларды дарылоо, аз камсыз болгон улгайган адамдарга жана майыптыгы барларга көмөктөшүү.

Акция Эл аралык улгайгандар күнүнө жана Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарын күнүнө арналган.

31-декабрга чейин жарандарга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын терапия жана стоматология факультетинин студенттери медициналык колдоо көрсөтүшөт.

14-октябрга чейин 58 жаранга көмөк көрсөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tishterdi-akysyz-daryloo-boyuncha-akciya-bolup-zhatat



Добавить комментарий