Бишкекте тиштерди акысыз дарылоо боюнча акция болуп жатат
Бишкекте “Таза тиштер” деп аталган акция болуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.
Иш-чараны Октябрь райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери биргелешип уюштурган.
Бир айлыктын максаты-тиш ооруларын алдын алуу жана аларды дарылоо, аз камсыз болгон улгайган адамдарга жана майыптыгы барларга көмөктөшүү.
Акция Эл аралык улгайгандар күнүнө жана Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарын күнүнө арналган.
31-декабрга чейин жарандарга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын терапия жана стоматология факультетинин студенттери медициналык колдоо көрсөтүшөт.
14-октябрга чейин 58 жаранга көмөк көрсөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tishterdi-akysyz-daryloo-boyuncha-akciya-bolup-zhatat
Добавить комментарий ×