Бишкекте тигүү цехи катары иштеген майнинг-ферма табылды (Видео)

11 август 2020 15:59 3266 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 11-августта Бишкекте тигүү цехи катары мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Финполго «Түндүкэлектр» ишканасы Баялинов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинин ишин текшерүү боюнча өтүнүч менен кайрылган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө тигүү цехи катары майнинг-ферма иштеп жатканы аныкталган. Имаратта 187 майнинг-система (криптовалюта жана биткоин чыгарган компьютердик жабдуулар) табылды. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 211-беренеси («Мыйзамсыз ишкердик жана банк ишмердүүлүгү») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, майнинг-фермаларда электр энергиясы өтө көп колдонулат. Кыргызстанда 2019-жылы 40тан ашуун майнинг-компания жабылган эле.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tig-cehi-katary-ishtegen-majning-ferma-tabyldy-video



Добавить комментарий