Бишкектеги стационарларда бейтаптар азая баштады

23 июль 2020 14:23 904 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте ооруканаларга кайрылган жарандардын саны азайды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

 22-июлда күнздүзгү стационарларга 2 905 тургун медициналык жардам алууга кайрылган. Мында оң динамика байкалууда – кайрылгандар азайып жатат. Алсак, бир жума мурда бейтапканаларга дээрлик 4 500 тургун кайрылган.

 22-июлдан 23-июлга караган түнү түнкү стационарларга 581 адам кайрылды.

 23-июлга карага күндүзгү ооруканалар 63 130 адамды кабыл алып, 330 адам ооруканага жаткырылды. Ошондой эле 15-июлдан 23-июлга чейин үч түнкү стационар 4 898 адамды кабыл алып, 16 жаран ооруканага жаткырылды.

 Эске салсак, эртең мененки саат 08:00дөн кечки 8:00гө чейин шаар тургундары медициналык кеп-кеңештерди, тамчылатма жана инъекцияларды 13 күндүзгү стационарда алууда, ал эми калган убакытта меджардам 3 түнкү стационарда көрсөтүлүүдө.

 Жеринде дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар топтору нөөмөттө турат. Персонал жана тартылган адистер жеке коргонуу каражаттар, тамак-аш, убактылуу турак жай менен камсыздалган.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-stacionarlarga-kajryluular-azajdy



Добавить комментарий