Бишкекте өспүрүм балдар башкарган унаа котлованга түшүп кетти (Видео)

9 июль 2020 09:51 770 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте курулуп жаткан үйдүн чуңкуруна кирип кеткен унааны жашы жете элек өспүрүмдөр башкарып келе жатышкан. Рулга ээ боло албай калган өспүрүмдөрдүн абалы оор. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 8-июль, борбор калаанын Сухе-Батор көчөсүндө катталган.

“Унааны жашы жете элек 4 өспүрүм башкарып келе жатып, рулга ээ боло албай тосмону сүзүп, жаңы салынып жаткан үйдүн чуңкуруна кулаган”, - деп айтылам маалыматта.

Унаа кирип кеткен чуңкурдун бийиктиги 10 метр.

“Toyota Camry” үлгүсүндөгү унаа курулуш болуп жаткан жерге тескеринен кулаган. Анда иштеген куруучулар чогула калышып, унааны оодарышып, тез жардам чакырышкан.

Учурда балдардын абалы оор деп бааланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sprm-baldar-bashkargan-unaa-kotlovanga-tshp-ketti-video



Добавить комментарий