Бишкекте "РСК Банк" тургундарды ташууга эки акысыз автобусту ишке киргизди
Бишкекте "РСК Банк" шаар тургундарын ташуу үчүн эки автобусту ишке киргизди. Бул тууралуу “РСК Банктын” басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, автобустар №100 каттамы менен жүрөт. Жол кире акысыз.
"Бул чечим Бишкек шаарынын тургундарын колдоо максатында кабыл алынды. Ушул күндөрү шаар тургундарына колдоо керек", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкекте 2-июндан баштап маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы менен линияга чыгуудан баш тартышкан. Ал ортодо такси кызматын көрсөткөндөр жол акыга болгон тарифти эки эсе кымбаттаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-rsk-bank-turgundardy-tashuuga-eki-akysyz-avtobustu-ishke-kirgizdi
Добавить комментарий ×