Бишкекте "РСК Банк" тургундарды ташууга эки акысыз автобусту ишке киргизди

5 июня 2021 10:27 1062 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бишкекте "РСК Банк" шаар тургундарын ташуу үчүн эки автобусту ишке киргизди. Бул тууралуу “РСК Банктын” басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, автобустар №100 каттамы менен жүрөт. Жол кире акысыз.

"Бул чечим Бишкек шаарынын тургундарын колдоо максатында кабыл алынды. Ушул күндөрү шаар тургундарына колдоо керек", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкекте 2-июндан баштап маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы менен линияга чыгуудан баш тартышкан. Ал ортодо такси кызматын көрсөткөндөр жол акыга болгон тарифти эки эсе кымбаттаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-rsk-bank-turgundardy-tashuuga-eki-akysyz-avtobustu-ishke-kirgizdi



Добавить комментарий