Бишкекте ооругандар азайып, төрт стационар ишин токтотту

18 август 2020 14:34 634 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавируска жана пневмонияга күмөн санап кайрылгандар азайды. Буга байланыштуу борбор калаадагы төрт стационар жабылды. Бул тууралуу Бишкек мериясынын расмий сайтына таянып “Барометр” билдирет.


Стационарлар ачылган күндөн тартып 100 миңден ашык адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Кайрылуулардын азайгандыгына байланыштуу, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссиясы дагы төрт стационардын ишин токтотуу чечимин кабыл алды.

18-августтан тартып күндүзгү стационарлардын иши токтотулат: Алар:

Жайыл Баатыр көчөсү, 66 дарегиндеги “Газпром” спорт комплекси;

"Чыгыш-5” кичи районундагы Мамбетов көчөсү, 21а дарегиндеги Р.Санатбаев атындагы спорт комплекси;

№68 мектеп-гимназиясы; №96 орто мектеби.

Медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка буюмдар дезинфекциядан өткөрүлүп, сакталып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-oorugandar-azajyp-trt-stacionar-ishin-toktottu



Добавить комментарий