Бишкекте Олимпиада, Дүйнө чемпиондору катышкан Эл аралык деңгээлдеги күрөш болот

31 май 2023 15:04 354 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдеш өтөт. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Маалым болгондой, 1-4-июнь күндөрү өтө турган эл аралык рейтингдик турнирде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жалпы 30 комплект медаль ойнотулат.

“Турнирге 7 олимпиада чемпионы, 17 дүйнө чемпиону, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спорттук мелдештерди уткан байге ээлери, Европа чемпиондору, Континент аралык турнирлердин чемпиондору катышып күч сынашат”, -деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, мелдешке 37 мамлекеттен келген балбандар күч сынашат. Мелдеш 1-4-июнь күндөрү “Бишкек-Аренада” өтөт. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-olimpiada-djn-chempiondoru-katyshkan-el-aralyk-degeeldegi-krsh-bolot



Добавить комментарий