Бишкекте милициянын кызматкерлери адашкан кичинекей кызга жардам беришти (Сүрөт)

7 сентябрь 2020 10:00 791 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери  адашкан кичинекей кызга жардам беришти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 6- сентябрда болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына  Аламүдүн  базарында кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 2014- жылы туулган Э.А аттуу кичинекей кыз адашып, үйүн таппай жүргөндүгү белгилүү болгон. Милициянын кайгуул кызматкерлери кыздын жашаган дарегин жана ата- энесин издеп табуу иш- чарасын уюштуруп, жыйынтыгында аз убакыттын ичинде кыздын ата- энесин жана жашаган дарегин  издеп таап өткөрүп беришти. Өз кезегинде кыздын ата- энеси Милициянын кайгуул кызматкерлерине ылдам жана ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-miliciyanyn-kyzmatkerleri-adashkan-kichinekej-kyzga-zhardam-berishti-srt



Добавить комментарий