Бишкекте милициянын кызматкерлери адашкан кичинекей кызга жардам беришти (Сүрөт)
Милициянын кайгуул кызматкерлери адашкан кичинекей кызга жардам беришти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 6- сентябрда болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Аламүдүн базарында кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 2014- жылы туулган Э.А аттуу кичинекей кыз адашып, үйүн таппай жүргөндүгү белгилүү болгон. Милициянын кайгуул кызматкерлери кыздын жашаган дарегин жана ата- энесин издеп табуу иш- чарасын уюштуруп, жыйынтыгында аз убакыттын ичинде кыздын ата- энесин жана жашаган дарегин издеп таап өткөрүп беришти. Өз кезегинде кыздын ата- энеси Милициянын кайгуул кызматкерлерине ылдам жана ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди.
Добавить комментарий ×