Бишкекте милиционерлер үчүн 40 орундуу күндүзгү стационар ачылды

23 июль 2020 09:43 645 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы милиция кызматкерлери үчүн 40 орундуу күндүзгү стационар ачты. Жеринде Ички иштер министрлигинин дарыгерлери ооруп калган милициялардын саламаттыгына көз салат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

ИИмдин кызматкерлери үчүн 40 орундуу күндүзгү стационар өз ишин баштады. Ал күн сайын 09:00дон 19:00 чейин иш алып барат.

“Бишкек милициясы шаардагы бардык стационарлардагы “кызыл зонада” күч кызматкерлери күзөттө турганын, убактылуу бейтапкана алардын өздөрүнүн саламаттыгына кам көрүү үчүн ачылды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, республика боюнча 6 милиция кызматкери коронавирустан көз жумду.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-milicionerler-chn-40-orunduu-kndzg-stacionar-achyldy



Добавить комментарий