Бишкекте машинадан жол талашкан үйүр жылкынын видеосу
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын Түштүк магистраль менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде үйүр жылкы машина өтүүчү жол менен жүргөнүн күбө билдирди.
Ал тартып алган видеодо 15тей жылкы үйүрү менен Түштүк магистраль көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй кетип баратканын көрүүгө болот.
Эске салсак, быйыл январь айынын аягында борбор калаада жаңы ачылган “Ынтымак” паркында үйүр жылкы оттоп жүргөнү кабарланып, социалдык тармактарда сүрөтү тараган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mashinadan-zhol-talashkan-jr-zhylkynyn-videosu
Добавить комментарий ×