Бишкекте “Кырк Уруу Жети Дубан” кыймылынын 26 мүчөсү кармалды

1 октябрь 2020 11:57 960 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аймактар аралык кастыкты козутуу  жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасашканга шектелип “Кырк Уруу Жети Дубан” кыймылынын лидери  жана анын тарапташтары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 30-сентябрда коомдук тартипти туруксуздаштырууну мерчемдешип, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео интернет  булактарында  тараган. Аталган  факты боюнча Бишкек шаарынын ИИББдин Тергөө кызматы  КЖБРге  КРнын Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча    сотко чейинки өндүрүштү башташкан.

КРнын Улуттук Академиясы тарабынан берилген соттук-саясий экспертизасынын корутундусуна ылайык, интернет булактарына таралган видео тасмада сүйлөгөн белгисиз жарандын сөзүндө региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар белгиси бар экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө видео тасмадагы адамдардын өздүгү аныкталып, 30-сентябрда “Кырк Уруу Жети Дубан” кыймылынын 26 мүчөлөрү кармалып, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына камсыз болушкан. 26 жаранга тең наркологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 20 жаран баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  КРын жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча   “Кырк Уруу Жети Дубан”   кыймылынын лидери  КРнын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин УКЖна киргизилди:

1. 1985 –жылы туулган Шамиль Муканбаев, мурда соттолгон;  

2.1971-жылы туулган Амангельди Артыков, мурда баңгизатты сактагандыгы үчүн эки жолу соттолгон;

3.19640-жылы туулган Акылбек Олджембаев, мурда зордуктоо жана аткезчилик менен эки жолу соттолгон;

4.1972-жылы туулган Рыскелди Бериков;

5.1966-жылы туулган Кубанычбек Джумаканов, мурда тоноо, ээнбаштык жана уурдоо менен үч жолу соттолгон.  

Башка камсыз болгон адамдардын окуяга тиешелүүлүгүн аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, баардык тиешелүү экспертизалар дайындалып тергөө улантылууда



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kyrk-uruu-zheti-duban-kyjmylynyn-26-mchs-karmaldy



Добавить комментарий