Эркек киши кылмышкерлерден жүрүп бараткан унаадан секире качып кутулду

3 март 2021 12:28 2148 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте милиция кызматкерлери тоноочулукка шектүү делген жарандарды кармады. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуя, 10-февраль күнү болгон. Эркек киши "Хонда Фит" унаасында бара жатканда, аны менен эки жигит болгон. Унаа Лев Толстой көчөсү менен кетип бара жатканда кошо бара жаткан эки эркек киши ага кол салышып, күч колдонуп 92 миң сомун жана анын жанындагы смартфонун тартып алышкан.

Жабырлануучу ага кол салган эркек кишилерден, жүрүп бара жаткан унаадан секире качып, кутулган. Ал мицияга кайрылган. Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

“Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармашты. Алар 1999-жылы туулган Б.Д. жана 2003-жылы туулган А.М. болуп чыкты. Ошентип, Б.Д. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, жашы жете элек А.М. милдеттүү түрдө бошотулган. Кийинчерээк сот Б.Д.ны эки айга СИЗО-1ге которгон. Ал эми, кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар жогун аныктоо иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kylmyshkerlerden-kinodogudaj-zhrp-baratkan-unaadan-sekirip-kachkan-kishinin-okuyasy



Добавить комментарий