Бишкекте курулуп жаткан үйдүн 5-кабатынан 20 жаштагы бала кулап каза болду
Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 2001-жылы туулган бала кулап кетип каза болду. Бул тууралуу "Барометрге" Биринчи май РИИБнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, кече, 5-май күнү милицияга 11:50 чамасында Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 20 жаштагы бала кулап кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Маалымат түшөрү менен Биринчи май РИИБнын ыкчам-тергөө тобу жөнөп кеткен. Окуя болгон жерге барган учурда курулуш иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 2001-жылы туулган С.Р кулап кеткени аныкталган.
Кырсык болгон жерге келген тез жардам кызматы баланы ооруканага алып кеткен. Бирок, тилеке каршы бала ооруканага жетпей каза болгон", - деп айтылат маалыматта.
Бул факт Биринчи Май РИИБнин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Учурда, сотко чейинки процесстин алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kurulup-zhatkan-jdn-5-kabatynan-20-zhashtagy-bala-kulap-kaza-boldu
Добавить комментарий ×