Бишкектеги 12-кичи районунда 15, "Жалда" 15 жаран коронавирус жуктурган
“COVID-19 аныкталган 162 адам Бишкек шаарындагы 25 конуштун жашоочулары болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт : 12 кичи районунда - 15 адам, Жал кичи районунда – 15 адам, Аламедин-1 кичи районунда – 5 адам, Фучик көчөсүндө – 6 адам жашайт”, - деп билдирди Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова.
Вице-мэр белгилегендей, Бишкек шаарында коронавирус менен жалпы тастыкталган учурлардын ичинен 63 жаран өздөрү кайрылгандар. Ал эми 34 учурдун булагы такталбагандыктан, Шаардык санэпидкөзөмөл борбору изилдөөнү улантып жатат. Айрым жарандар, вирусту коомдук жайлардан: базардан, соода борбор, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-koronavirus-anyktalgan-162-zharan-mikrorajondordo-zhashajt
Добавить комментарий ×