Бишкекте коменданттык саат режимин 160дай киши бузду

26 март 2020 09:15 1379 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 160 киши коменданттык саат режимин бузган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, режимди бузгандар милициянын аймактык бөлүмдөрүнө алып келинген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 25-марттан 15-апрелге чейин коменданттык саат киргизилди. Андан сырткары өзгөчө абал Ош, Жалал-Абад шаарлары менен үч районго киргизилген.

Мындай аракеттер коронавирустун алдын алуу үчүн жасалып жатат. 25-мартка карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 44 кишиден коронавирус тастыкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-komendanttyk-saat-rezhimin-160daj-kishi-buzdu



Добавить комментарий