Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлар кайда жайгашкан? (Тизме)

17 июль 2020 14:31 1879 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирустун көбөйгөнүнө байланыштуу күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылып, бейтаптарды кабыл алып жатат. Стационарлардын кайда жайгашканы, канча орундук бар экени айтылды. Бул тууралуу Републикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын күндүзгү стационарлары төмөнкү базаларда жайгашкан:

Ленин районунда:

 «Газпром» ДТДЧКда – 120 керебет-орун;

 № 68 мектеп-гимназиясында – 30 керебет-орун (Токтогул көчөсү, 220);

«Арал» кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү,199);

 № 96 орто мектепте – 30 керебет-орун («Ак-Ордо» конушу);

№ 95 орто мектепте – 37 керебет-орун («Джал» кичирайону).

Свердлов районунда:

 Р.Санатбаев атындагы ДТДЧКда – 150 керебет-орун;

 № 94 орто мектепте – 50 керебет-орун («Дордой» конушу);

 № 38 гимназия мектебинде – 50 койко-мест («Аламедин- 1» кичирайону).

Октябрь районунда:

«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасында - 101 керебет-орун;

 «Сейтек» мектебинде - 50 керебет-орун (Анкара көчөсү, 1/10)

Биринчи май районунда:

 К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 керебет-орун;

 № 83 орто мектепте – 50 керебет-орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9);

 № 81 орто мектепте – 40 керебет-орун («Ак-Босого» конушу)

Ошондой эле Бишкек шаарындагы түнкү стационарлардын дареги төмөндө:

Биринчи май району «Консул» ресторанында – 100 керебет-орун (Фрунзе көчөсү, 477)

Октябрь району Спорткомплексте (БСК) - 120 керебет-орун (7-кичирайон, 12/1)

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kndzg-zhana-tnk-stacionarlar-kajda-zhajgashkan



Добавить комментарий