Бишкекте кездеме уурдаганга шектүү жаран кармалды

24 апрель 2021 11:58 4599 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын  кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 22-апрелде болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкек ШИИББнын  “102”  кызматына Менделеев көчөсүндө жайгашкан кийим тигүүчү цехтен  бир рулон кездемесин уурдап кеткен деген маалымат келип тушкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган Т.Н аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректеги кийим тигүүчү цехтен баасы 17 000 сом турган бир рулон кездемени  белгисиз жаран уурдап кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш иизи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты  боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын  жазык кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kezdeme-uurdaganga-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий