Бишкекте камерга кыздарды жылаңач тарткан жигитке өкүм чыкты

25 май 2019 12:48 8026 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биринчи май райондук соту Алтын  (аты өзгөртүлдү П.А.Э.) жана Нуризага (аты өзгөртүлдү А.А.Н.) карата өкүм чыгарды.

Алтын атайын эле акча таап баю максатында порнографиялык буюмдарды таратып, веб-студия ачкан. 

Андан кийин компьютердин мониторунун тушуна керебет коюп, камерага кыздарды жылаңач тартып, тарата баштаган. Алар кыздарды веб-моделдик кызматка чакыруу менен аларды интернет сайт аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүгө иштеткен.

Алар көбүнчө чет элдик жарандарга кызмат көрсөтүшкөн жана акча алып турушкан.

Нуриза дагы веб-модель катары интимдик кызмат көрсөткөн. 

Сотто айыпкерлер бардык күнөөлөрүн мойнуна алышкан жана  соттук териштирүү иштерин жүргүзбөстөн эле жеңилдетилген жаза кароону өтүнүшкөн.

Жыйынтыгында сот Алтын жана Нуризаны күнөөлүү деп таап, ар бирине 30 миң сомдон айып пул салды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kamerga-kyzdardy-zhylaach-tartkan-zhigitke-km-chykty



Добавить комментарий