Коллегиялык жыйын. 137 кызматкерге ар кандай тартиптик жазалар берилди

28 июль 2023 18:00 1637 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн  бир топ жетекчилерге тартип жазалар берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 28-июлда ИИМдин жыйындар залында  ички иштер органдарынын 2023-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.

“Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн алты айдын жыйынтыгы менен 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Алардын ичинен  63  жетекчилик курамда иштеген кызматкерлер болуп эсептелет.  Коллегиянын чечимдерине ылайык айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелди, айрым жетекчилердин  ишмердүүлүгү тогуз айдын жыйынтыгы менен өтө турган отурумда карала тургандыг белгиленди.

Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы  ИИМдин Башкы Штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди.

Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдери жана сунуштары толугу менен турмушка ашышы керектиги белгиленди. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо, жарандардын кайрылууларына ыкчам жана мыйзам чегинде жооп берүү, кылмыш бетин ачуу жана аны сапаттуу тергөө, өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, жол коопсуздугун сактоо багытында кескин чараларды көрүү,  коомдук тартипти сактоодо заманбап технологияларды толук ишке киргизүү боюнча сапаттуу иштер жүргүзүү жана ички тартипти чыңдоо багытында тынымсыз иш ишмердүүлүктү сапаттуу жүргүзүү багытында тапшырмалар коюлду”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/kollegiyalyk-zhyjyn-137-kyzmatkerge-ar-kandaj-tartiptik-zhazalar-berildi



Добавить комментарий