Бишкекте кайрадан стационарлар ачылып жатат. Алардын даректери жана тизмелери
Бишкек шаарында COVID-19 илдети күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бишкектин Ленин районунун аймагында коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда керебеттер даярдалды.
Ленин районундагы убактылуу чакан стационарлар:
- №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
- №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
- №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет;
- №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
- №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
- №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет.
- Мындан тышкары, №8, 10, 11 стационарлардын базасында дагы 7 орун даяр турат.
- Дагы 28 керебет жаңы конуштардагы бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна даярдалууда. Алар:
- Ак-Өргө жаңы конушу (Ашар көчөсү) – 14 керебет;
- Ак-Өргө жаңы конушу (Ай көчөсү) – 7 керебет;
- Ак-Ордо жаңы конушу — 7 керебет.
Эске салсак, Ленин районунда жети күндүзгү стационар бар.
Мэриядан кабарлагандай, COVID-19 кайрадан күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатканы маалым болду.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kajradan-stacionarlar-achylyp-zhatat-alardyn-darekteri-zhana-tizmeleri
Добавить комментарий ×