Бишкекте кайрадан стационарлар ачылып жатат. Алардын даректери жана тизмелери

23 сентября 2020 13:31 1411 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында COVID-19 илдети күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бишкектин Ленин районунун аймагында коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда керебеттер даярдалды.

Ленин районундагы убактылуу чакан стационарлар:

  • №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет;
  • №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет.
  • Мындан тышкары, №8, 10, 11 стационарлардын базасында дагы 7 орун даяр турат.
  • Дагы 28 керебет жаңы конуштардагы бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна даярдалууда. Алар:
  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ашар көчөсү) – 14 керебет;
  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ай көчөсү) – 7 керебет;
  • Ак-Ордо жаңы конушу — 7 керебет.

Эске салсак, Ленин районунда жети күндүзгү стационар бар.

Мэриядан кабарлагандай, COVID-19 кайрадан күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатканы маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kajradan-stacionarlar-achylyp-zhatat-alardyn-darekteri-zhana-tizmeleri



Добавить комментарий