Бишкекте ишкерге каракчылык менен кол салган жаран кармалды (видео)
Ишкерди тапанча менен коркутуп, акчасын алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирди
"2020-жылдын 30-январь күнү болжол менен 21.00 чамасында белгисиз азиат түспөлүндөгү эки адам, Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен, Д.Ш. аттуу жеке ишкерге кол салышкан. Кылмышкерлер белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, ага күч колдонуп өзүнүн автоунаасына отургузуп, Бишкек шаарынын эски аэропортко алып барышкан. Жабырлануучуну бир күн кечке мыйзамсыз эркиндигинен ажыратып, тапанча менен коркутушуп, 500 долларын жана 12000 сомун алып кетишкен", деп айтылат маалыматта.
Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнүн КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Ушул жылдын февраль айында прокуратура мындан ары иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берип, аталган кылмыш иши ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-бернесинин 1,2,3, бөлүмдөрү менен (курал-жарак колдонулуп, бир нече кишинин катышуусундагы каракчылык) иликтене баштаган.
"ИИМ КМКнын Үчүнчү Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, ИИМнин Тергөө кызматынын тапшырмасынын негизинде шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө киришкен. Аталган факты тыкыр иликтөөгө алынып, натыйжада шектүү катары катары Бишкек шаарынан 1995-жылы туулган Талас облусунун жашоочусу А.Д. кармалды, ал мурда соттолгон. КМКнын маалыматы боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат. Учурда кармалган жаран ИИМнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнин УКЖ киргизилди", -деди ИИМдин маалымат кызматы.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ishkerge-karakchylyk-menen-kol-salgan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×