Бишкекте "Фин керемети" жана "Финдердей окуталы" китептеринин бет ачары болду

7 февраль 2020 10:42 1074 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальберг Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат? (англисчеси “Finnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland?”) Тимоти Уолкердин “Финдердей окуталы” (“Teach Like Finland”)  китебинин кыргызча котормолорунун презентациясы И.Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасында өттү.

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальберг тарабынан жазылган китеп Бакытбек Абдуллаев жана Элмира Абжапарова тарабынан кыргызчаланып, “Кереге” фондунун демилгеси менен “Китепстан” басма үйүндө даярдалган. “Глобал Принт” басмаканасында басып чыгарылган. 

Китеп буга чейин 18 тилге которулган болсо, кыргыз тилине 19-болуп которулду. Кыргыз тилге которулушу чет элдик гранттын эсебинен эмес, ички ресурстан тактап айтканда жеке ишкер Таалай Кумбаев финансылык колдоо көрсөткөн. 

Автор бул китепте ортозаар Финляндия өлкөсү экономикасы менен мектептеги билим берүүсүн ХХ кылымдын акыркы отуз жылында кантип мыкты деңгээлде өнүктүргөнү тууралуу баяндайт. Ийгиликтүү реформалар  окуучулардын баарына бирдей билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп, ар бир окуучунун муктаждыгына жараша жекече мамиле жасоо, аз бирок саз окутуу, эң алдыңкы жаштарды мугалимдик кесипке тартуу, саясатчыларды мугалимдердин ишине кийлигиштирбей, тескерисинче аларды колдоп, ишеним көрсөтүү аркылуу кантип ишке ашканы тууралуу. 

Финляндия билимге таянган алдыңкы коомду өнүктүрүп, көп өлкөлөр үчүн педагогикалык жактан да, экономикалык жактан да баалуу сабактарды бере алат. Бардык саясатчылар жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине сунушталат. 

Ошондой эле мектептерди жамандап же нааразы болгондун ордуна жакшыртууну каалагандар үчүн. Бул китеп дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн “Grawemeyer” сыйлыгына татыган. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-fin-keremeti-zhana-finderdej-okutaly-kitepterinin-bet-achary-boldu



Добавить комментарий