Бишкекте дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен унаанын айдоочусу изделүүдө (Видео)

8 июль 2020 11:31 1021 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен унаанын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Окуя, кечээ, 7-июль күнү саат 15:45терде борбор калаанын Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Андагы кафени сүзүп, «Lexus” үлгүсүндөгү унаа кирип кеткен. Болжол менен унааны кыз башкарып келе жаткан.

"Жол кырсыгы болгон жерден аталган унаанын айдоочусу качып кеткен. Буга байланыштуу милициянын кайгуул кызматы тарабынан кырсыктын күнөөкөрү издөөгө алынды", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын видеосун “Короче” телеграм-каналы жүктөлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dubaldy-szp-kafege-kirip-ketken-unaanyn-ajdoochusu-izdeld-video



Добавить комментарий