Бишкекте дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылып жатат (Сүрөт)

4 июль 2020 10:25 1448 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаадагы Улуттук госпиталдын имаратында дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылып жатат. Бул тууралуу DOXA Art-group чыгармачылык тобунун сүрөтчүлөрүнүн биринин социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, 12 метрдик дарыгердин сүрөтү жекшемби күнү тартылып бүтөт.

«Эмгек учурдагы кырдаалдын баатырлары – дарыгерлерге арналат. Ал борбор калаадагы Улуттук госпиталдын корпустарынын биринде тартылууда», - деп айтылам маалыматта.

Буга чейин аталган команда залкар жазуусу Чыңгыз Айтматовдун,  ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын сүрөтүн шаардын дубалдарынын бирине элес катары калтырышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-darygerdin-12-metrlik-srt-tartylyp-zhatat-srt



Добавить комментарий