Бишкекте дагы эки лаборатория коронавируска анализ ала баштады

1 июль 2020 12:05 401 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте дагы эки лаборатория коронавирус инфекциясына анализ алып баштады. Бул тууралуу брифинг учурундагы Мадамин Каратаевдин сөзүнө шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, Auqalab жана Экспресс жеке лабораторияларына ПЦР жана ИФА тест алууга уруксат берилди.

«Анын баасы 1600 сомду түзөт. Бонецский лабораториясына караганда бир топко арзан», — дейт Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Белгилей кетсек, Республика боюнча вирус жуктургандардын саны 5 миң 735ке жетти. Стационарда – 750, алардын ичинен реанимацияда – 19, үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 480, ооруканадан чыгарылды – 2 443, каза тапты – 62 бейтап.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dagy-eki-laboratoriya-koronaviruska-analiz-ala-bashtady



Добавить комментарий