Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак ачылуу алдында турат
Бүгүн, 13-апрелде, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнө 98 жыл болду. Андыктан анын аты берилген паркта курулуш иштери аяктоо алдында турат. Учурда муниципалдык кызмат жерге таш төшөө, жашылдандыруу, жарыктандыруу иштерин жасап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
“Бишкекасфальтсервис» ишканасынын башчысы Нурбек Чолпонбаевдин айтымында, тематикалык парктын курулушунун 95% аяктап, асфальт төшөлүп, эми 120 отургучту орнотуу иштери калды. Сейил бакта Түлөбердиевге эстелик орнотулат. Жигердүү эс алуунун сүйүүчүлөрү үчүн скейтдром дагы курулууда.
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы адаттагыдай шаарды жарыктандыруу үстүндө иштөөдө, заманбап, тематикалык символикасы менен шам чырактар, оригиналдуу торшердик мамылар жана киребериш арканын металл конструкциясы орнотулган.
"Бишкекжашылчарба" МИнын кызматкерлери пландоо иштерин өткөрүшүүдө, топурак төгүлүп, көк майдан себилди. Бак-дарактардын санитардык кыйуу иштери жүргүзүлгөн, таштар колго терилип, авариялык жана кургап калган бак-дарактар тазаланды.
Эскерте кетсек, Чолпонбай Тулебердиев баскынчылар менен болгон кармашта Воронеж облусунун Ленин районуна караштуу Селявный кыштагын бошотууда, болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөтүп, согуш оту алоолонуп турган 1942-жылдын 6-августунда Воронеж фронтунун 6-армиясындагы душмантар менен кармашууда ок чачкан дзотту көкүрөгү менен тосуп эрдик көргөзгөн. Баатырдын сөөгү өзү эрдик менен курман болгон Селявный айылындагы дөңсөөгө коюлган.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-cholponbaj-tlberdiev-atyndagy-sejil-bak-achyluu-aldynda-turat
Добавить комментарий ×