Бишкекте үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы жаран кармалды

17 февраль 2023 09:35 608 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек шаарында үч адамды жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 5-кичи районунда апасы кызы жана 5жашар небересин өлтүрүп кеткен. 

“Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу менен биргеликте кароо жүргүзүлдү. Аталган даректе энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде катталган.  

Анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан  жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге жеткирилип, учурда  тергөө амалдары жүрүп жатат.  

Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалып, ыкчам иликтөө иш чаралар жүрүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ch-adamdy-mykaachylyk-menen-ltrg-shektelip-37-zhashtagy-zharan-karmaldy



Добавить комментарий