Бишкекте бирөөнүн аялын уурдап кеткенге шектүү жаран кармалды
Бишкекте бирөөнүн жубайын уурдап кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, окуя 4-март күнү болгон.
“ А.А. аттуу милицияга кайрылып, белгисиз бирөө 4-март күнү 16:30дар чамасында Калыс-Ордо жаңы конушунан жубайы А.Н.нын эркине каршы унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Дароо тинтүү планы жарыяланып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Биринчи май РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылы туулган С.М. аттуу жаран экенин аныктап, кармашкан.
КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Бишкек шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-birnn-ayalyn-uurdap-ketkenge-shekt-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×