Чолпон-Атанын мурдагы мэри алдамчылыкка шектелип кармалды

13 октябрь 2023 10:37 854 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жаранды 10 миң долларга алдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте кылмышка шектүү катары 45 жаштагы М.М. кармалды. 

“Учурда аталган факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү  “Алдамчылык” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

Алынган маалыматтарга караганда, 2021-жылдын күзүндө аталган жаран М.М. Бишкек шаарынын жашоочусунан 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү жабырлануучуга алгач күрөө катары “Лексус” үлгүсүндөгү унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним катын калтырган.  Бирок көп өтпөй кайра келип,  “шашылыш ишим бар”,- деген шылтоо менен унааны бир аз убакытка кайтарып берүүнү суранган. Ошондон кийин гана ал көздөгөн максатына жеткенден кийин кайра келбей, ал унаасын башка адамдарга сатып жиберген.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган жаран мурда сот жообуна тартылган, криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон жана мурда облустардын бириндеги шаардык администрациясын  жетектеп келген.

Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/kpdimki-kinodogudaj-aldap-ketken-shaardyk-administraciyasyn-murdagy-zhetekchisi-aldamchylykka-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий