Бишкектеги Кой-Таш окуясы боюнча соттук ишке айыпталуучулар жана жактоочулар келген жок
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш кайрадан жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.
Айыпталуучулар сот отурумуна алынып келинбегенине жана жактоочулардын келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 13-июлга жылды.
Эскерте кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча жалпысынан 14 киши айыпталып жатат. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар. Бирок тергөө менен кызматташкан беш кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын кызмат операция уюштурган, бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы бул күнү атайын кызматтын бир өкүлү Үсөн Ниязбеков каза болгон. Андан сырткары Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов башынан жаракат алган.
Ал эми 8-августта ИИМ жүргүзгөн операцияда Атамбаев багынып берген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-birinchi-maj-sotunda-sottuk-oturum-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×