Бишкекте белгисиз адамдар укук коргоочуларды жумуртка менен ургулады

2 май 2019 09:45 2504 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болуп жатканын айтып милицияга даттанышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Милицияга «8/365» укук коргоо уюмунун мүчөлөрү кайралышкан. Алар белгисиз адамдар коркутканын айтышкан.

“Арыз берүүчүлөр билдиргендей белгисиз адамдар алар түштүк дарбазада жүргөн кезде жумуртка менен ургулашкан. Азыркы учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рээстирине “майда бейбаштык” беренеси боюнча катталды”,-деп кабарлашты Бишкек ШИИБинен.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-belgisiz-adamdar-ukuk-korgoochulardy-zhumurtka-menen-urgulady



Добавить комментарий