Бишкекте атайын үн чыгаруучу жабдуулар менен 65 унаа кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде уруксаты жок, өзү билемдик менен орнотулган атайын үн чыгаруучу жабдуулар менен жабдылган 65 авто унаа кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Азыркы учурда түнкүсүн Бишкек шаарынын чоң борбордук көчөлөрүндө, магистралдык жолдордо Бишкек шаарынын тургундарынын тынчын алып, авто унааларды атайын катуу айдап, айдоочунун тиешелүү уруксаты жок кайра жабдылган же өзү билемдик менен орнотулган атайын үн чыгаруучу, жарык берүүчү сигналдарды орнотуп, же авто жарыш уюштуруп, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти бузган айдоочулар көбөйду", - деп айтылат маалыматта.
Мына ушул айдоочуларга карата чара көрүү тууралуу милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына көп кайрылуулар келип түшөт.
Шаар тургундарынын кайрылуусун эске алып, жана шаарда түнкүсүн шаар тургундарга тынчтык бербеген айдоочуларга карата милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери атайын ушул багытта иш жүргүзүп, бир жуманын ичинде жалпысынан 65 авто унааны аныкташып, КРнын бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, протоколдор толтурулуп, авто унаалар убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-atajyn-n-chygaruuchu-zhabduular-menen-zhabdylgan-65-avtounaa-anyktaldy
Добавить комментарий ×